14
Июль
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңейтилген жыйынында сунушталган 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө маалымкат

БЕКИТЕМ
Кыргыз Республикасынын
Президенти
_____________________ С.Н. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 14-июлундагы жыйналышынын
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүлүүчү жер: | № 1 мамлекеттик резиденция Конгресс-холл |
Өткөрүү убактысы: | саат 10:00 |
1. Кыргыз Республикасын 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.
2. Ар түрдүү маселелер
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Төрагасы –
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
Администрациясынын
Жетекчиси А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасын 2022-жылдын биринчи жарымжылдыгында социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө маалымкат
Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2022-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары – ИДП) 335,3 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 106,3 %ды (2021-жылдын январь-июнь айларында – 98,5 %) түздү.
Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду: айыл чарбада өндүрүштүн көлөмү 2,0 %га, курулушта – 3,4 %га, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө – 4,8 %га, өнөр жайда – 14,1 %га өскөн.
Айыл чарба. 2022-жылдын январь-июнь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 92,7 млрд сомго өндүрүлүп, реалдуу түрдө 2,0 %га өстү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүшү мал чарба продукциясын дүң чыгаруу көлөмүнүн өсүшү мал чарба продукциясынын 2,4 %га көбөйүшү менен шартталган.
Өнөр жай. 2022-жылдын январь-июнь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 190,8 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 14,1 %га өскөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң жогорку үлүшкө ээ болгон кайра иштетүү өнөр жайында (74,9 %) 2022-жылдын январь-июнь айларында өндүрүштүн көлөмү 142,9 млрд сомду жана 2021-жылдын тийиштүү мезгилине физикалык көлөмдүн индекси 120,8%ды түздү, төмөнкүлөрдү өндүрүү көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен: машиналарды жана жабдууларды кошпогондо, негизги металлдар жана даяр металл буюмдары – 35,1 %га, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык продукция – 32,5 %га, мунай продуктулары – 15,8 %га, тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары – 12,1 %га.
Курулуш. 2022-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 41,3 млрд сомду түзүп, 0,9 %га өстү (2021-жылдын январь-июнунда 17,2 %га азайган).
Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү иштетүүчү өндүрүш объекттерин курууда, электр энергиясы, газ, буу жана желдетилген аба менен камсыз кылууда, суу менен жабдууда, саркынды сууларды тазалоодо, калдыктарды иштетүүдө, дүң жана чекене соодада, мейманканалар менен ресторандардын ишинде, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, ошондой эле турак жай курууда байкалган.
Инвестициялардын негизги көлөмү (алардын жалпы көлөмүнүн 83 %дан ашыгы) пайдалуу кендерди казып алуу объекттерин курууга, иштетүүчү өндүрүш, электр энергиясы, газ, буу жана желдетилген аба менен камсыз кылууга, транспорттук ишке жана жүк сактоого, маалыматка жана байланышка, ошондой эле турак жай курулушуна багытталган.
Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2022-жылдын январь-июнь айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 42,3 млрд сомду түзгөн же 3,4 %га өскөн (2021-жылдын январь-июнунда 15,6 %га азайган).
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү. 2021-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автомобиль жана мотоциклдерди оңдоонун өсүшү негизинен дүң сооданын – 20,1 %га жана чекене сооданын – 3,6 %га өсүшү менен камсыз кылынды.
Өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу бардык региондордо мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү өскөн.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшүнүн негизги таасир этүүчү фактору болуп экономикалык иштин активдешүүсү, негизги соода өнөктөшү болгон коңшу мамлекеттердин экономикасынын өсүшү жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү чектөөлөрдүн алынып салынышы саналат.
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 109,1 %ды түздү. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2022-жылдын январь-июнь айларында 2021-жылдын январь-июнуна карата) 112,8 %ды түзсө, ал эми 2021-жылдын январь-июнь айларында 110,8 %га барабар болгон.
Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 12,5 %га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына – 11,8 %га, азык-түлүк эмес товарларга – 5,1 %га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 3,8 %га жогорулаган.
Ушул жылдын июнь айында өткөн айга салыштырганда жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 1,5 %ды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 2,7 %га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 1,9 %га, азык-түлүк эмес товарларга – 0,3 %га, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 1,3 %га жогорулады.
Эмгек акы. 2022-жылдын январь-май айларында орточо айлык эмгек акы 22 927 сомду түзүп, мында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен анын реалдуу өлчөмү 6,2 %га өстү.
Кыйла олуттуу өсүш саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндө – 52,6 %га, искусство, оюн-зоок жана эс алуу – 48,0 %га, билим берүү – 28,3 %га, пайдалуу кен казуу – 24,3 %га, кесиптик, илимий жана техникалык иш – 21,3 %га, транспорт тармагы жана жүк сактоо – 19,5 %га, курулуш – 18,2 %га, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү – 17,2 %га, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 16,6 %га, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк – 15,7 %га, ошондой эле кыймылсыз мүлк менен операциялар – 14,8 %га өскөндүгү байкалган.
2022-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 3 951,6 млн АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу 45,0 %га өстү. Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 17,9 %ды, импорт – 82,1 %ды түздү.
2022-жылдын январь-май айларында товарлардын экспорту 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4,1 %га азайып, 707,8 млн АКШ долларын түздү. Экспорттук берүүлөрдүн азайышы кара металлдардын калдыктарын жана сыныктарын берүүнүн 3,9 эсеге, баалуу металлдардын калдыктарынын жана сыныктарынын 2,9 эсеге, цементтин 2,1 эсеге, жылмаланган айнектин 1,9 эсеге, сүттүн жана сүт азыктарынын 1,6 эсеге, нан жана ундан жасалган кондитер азыктарынын 20,6 %га кыскарышы менен шартталган
2022-жылдын январь-май айларында импорттук түшүүлөр 3 243,8 млн АКШ долларын түзүп, 1,6 эсеге көбөйгөн. Импорттук түшүүлөрдүн көбөйүшү негизинен бут кийимдердин – 5,1 эсеге, трикотаж кездемелеринин – 4,6 эсеге, жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн – 2,7 эсеге, кийим-кече жана ага таандык буюмдардын – 2,4 эсеге, пластмасса жана алардан жасалган буюмдардын – 1,7 эсеге, синтетикалык комплекстүү жиптерден кездемелердин – 1,7 эсеге, жашылча жана тамыр өсүмдүктөрүнүн – 45,1 %га, жер транспортунун жана алардын тетиктеринин – 36,7 %га, электр машиналарынын жана жабдууларынын – 34,5 %га, резина жана андан жасалган буюмдардын – 30,4 %га, парфюмерия-косметика жана туалет буюмдарынын – 27,1 %га, жер семирткичтердин – 26,5 %га, кара металл буюмдарынын – 24,1 %га, мунай продуктуларынын – 20,0 %га, фармацевттик продукциянын – 16,2 %га, жаратылыш газынын – 7,3 %га, жыгач жана андан жасалган буюмдардын – 6,4 %га, кара металлдардын – 1,5 %га өсүшү менен шартталган.
Бюджеттин көрсөткүчтөрү
Ушул жылдын 6 айынын алдын ала жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджеттин ресурстары 190,0 млрд сомду түздү же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53,3 млрд сомго көбөйдү.
Республикалык бюджеттин кирешелери 120 млрд сом суммасында аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 47,1 %га же 38,4 млрд сомго көбөйдү.
Каралып жаткан мезгилде салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 93,1 млрд сомду түздү. Бюджеттин өткөн жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 35,6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 162,1 %ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 72,8 млрд сом келип түштү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 24,0 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 164,1%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 31,7 млрд сом келип түштү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн жана салыктарынын түшүүлөрү 11,7 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 158,2 %ды түздү.
Салыктык эмес түшүүлөр 23,3 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын деңгээлине карата салыктык эмес кирешелер 3,1 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 115,4 %ды түздү.
Расмий трансферттердин түшүүсү 3,7 млрд сомду түздү.
Бул көрсөткүчтөргө салыктык башкарууну жакшыртуу жана санариптик технологияларды салык жана бажы жол-жоболоруна киргизүү боюнча активдүү иштердин натыйжасында жетишилди.
Бүгүнкү күндө салыктык башкарууну фискалдаштыруунун компоненттерин санариптештирүүнү өркүндөтүү боюнча иштер ийгиликтүү башталды жана уланууда («Электрондук эсеп-фактуралар», «Мунай продуктуларын ташууга электрондук коштомо кагаздары», «Электрондук отчеттуулук», «МКБны автоматташтыруу», «Программалык ККМ», «Жыйынды пост», «Товарларды маркалоо» ж.б.).
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынды, ал салыктык башкаруу үчүн жагымдуу шарттарды жана таза атаандаштыкты түзүүгө багытталган.
Жарандарды акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө QR-коду бар кассалык чектерди талап кылууга үндөө максатында «Чекти талап кыл – байге утуп ал» өбөлгөлөөчү лотереясы өткөрүлдү. 2022-жылдын 1-июлуна карата колдонуучулардын саны 61 564кө жетти, сканерленген квитанциялардын суммасы 3,5 млрд сомду түздү.
Жогорудагы компоненттерди этабы менен киргизүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүлөрдүн көбөйүшүнө оң таасирин тийгизди.
Ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 117,2 млрд сом суммасында аткарылып, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,2 млрд сомго же 43,1 %га көбөйгөн.
Республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө чыгашалардын салыштырмалуу салмагы (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттерди кошкондо) 55,0 %ды же 64,2 млрд сомду түзүп,
2021-жылга салыштырмалуу өсүү 16,0 млрд сомду түздү. Анын ичинен төмөнкү чыгымдар:
– саламаттык сактоо – 2,8 млрд сомго көбөйүү менен 11,4 млрд сомду түздү;
– эс алуу, маданият жана дин – 0,8 млрд сомго көбөйүү менен 2,2 млрд сомду түздү;
– билим берүү – 8,0 млрд сомго көбөйүү менен 28,8 млрд сомду түздү;
– социалдык коргоо – 4,5 млрд сомго көбөйүү менен 21,9 млрд сомду түздү.
Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык маанидеги маселелерди өз убагында чечүү максатында төмөнкү иш-чараларга кошумча финансылык каражаттар каралган:
– азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу – 6,7 млрд сом (үрөн, минералдык жер семирткич, кант, дизель отунун жана буудайды сатып алуу);
– энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдык көрүү боюнча 12,5 млрд сом суммасында кошумча финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери кабыл алынган;
– социалдык-экономикалык маанидеги социалдык объектилерди курууга жана реконструкциялоого (анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, республиканын региондорундагы автожолдор) капиталдык салымдардын көлөмү 11,0 млрд сомго чейин көбөйтүлгөн. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 5,5 млрд сом каржыланды;
– КММдин жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу үчүн нефтетрейдерлерге 2,0 млрд сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүндү;
– региондорду өнүктүрүүнүн алкагында Каракол шаарын өнүктүрүүгө 885,0 млн сом бөлүндү;
– ирригациялык системаларды оңдоого ж.б. – 0,8 млрд сом бөлүндү.
Фермерлерди жеңилдетилген кредит менен камсыз кылуу максатында «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору ишке киргизилип, анын алкагында 2022-жылы 10,0 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүү пландалууда, анын 5,5 млрд сому «Айыл Банк» ААК, 4,5 млрд сому «РСК Банк» ААК капиталдаштырууга каралды.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бул долбоорду ишке ашыруунун алкагында 3,4 млрд сом өлчөмүндө финансылык каражаттар бөлүнгөн («Айыл Банк» ААК – 1,7 млрд сомго жана «РСК Банк» ААК – 1,7 млрд сомго капиталдаштырылды).
«Айыл чарбаны каржылоо – 10» долбоорун ишке ашыруунун алкагында биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын 7417 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 896,6 млн сом суммадагы кредит берилген.
Ипотекалык кредиттөө чөйрөсүндө реформа жүргүзүлүүдө, анын негизги максаты бюджеттик сектордо гана эмес, экономикабыздын коммерциялык секторунда иштеген ар бир жаранды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу болуп саналат.
Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишинин натыйжасында ипотека боюнча пайыздык ставка 4 % чейин төмөндөтүлүп, кредиттин мөөнөтү 25 жылга чейин узартылган.
2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык бюджеттен ипотекалык кредиттөөнү каржылоого «МИК» ААКтын уставдык капиталына 1,8 млрд сомдон ашык бөлүнгөн, бул өз кезегинде 845 үй-бүлөгө турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк берди, бул 2021-жылга караганда 113 үй-бүлөгө көп.
Ушул жылы «Менин үйүм 2021–2026» мамлекеттик программанын алкагында ипотекалык кредиттөө үчүн каржылоону 6,3 млрд сомго чейин жеткирүү пландалууда, салыштырмалуу айтсак, мурдагы «Арзан турак жай 2015–2020» мамлекеттик программасына 5 жылдын ичинде болгону 6 млрд сом гана бөлүнгөн.
Ушул жылы «МИК» ААКка турак жай куруу үчүн 10 га жер каралган.
«МИК» ААК Баткен облусунда, Жалал-Абад, Каракол, Бишкек шаарларында курулуш боюнча даярдык иштери баштады.
Туризм тармагында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын калыптандыруу жана туризм инфратүзүмүн реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле туризм чөйрөсүндө алектенген ишкерлерди колдоо максатында «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКтын уставдык капиталын түзүүгө 1,0 млрд сом суммасындагы финансылык каражаттарды бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бүгүнкү күндө 450,0 млн сом бөлүндү.
Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча 2,9 млрд сом суммасында бюджеттин профицити түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2022-жылдын январь-июнь айларына республикалык бюджетте 16,5 млрд сом өлчөмүндөгү каражаттар каралган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 540,3 миллион сомго көп, анын ичинде:
– тышкы карызды тейлөөгө – 10,9 млрд сом;
– ички карызды тейлөөгө – 5,5 млрд .
Өлкөнүн мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруунун алкагында төмөнкүдөй олуттуу иш-чаралар өткөрүлдү:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Немец өнүктүрүү банкынын (KFW) ортосунда Кыргыз Республикасында мамлекеттик ипотекалык кредиттөө системасын өнүктүрүү жана өлкөнүн калкы үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында «МИК» ААКтын пайдасына 14,9 млн евро суммасындагы карызды конверсиялоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду;
- 2022–2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун жаңы стратегиясы кабыл алынды;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Франция Өкмөтүнүн, Сауд өнүктүрүү фондунун жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда үстүбүздөгү жылга карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.