19
Июль
Бакыт Төрөбаев: Бишкек шаарын толук жашылдандыруу үчүн скважина аркылуу тамчылатып сугарууну ишке ашыруу керек
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрөгасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 18-июлда Бишкек шаарынын көчөлөрүн кыдырып, ирригация тармагы менен таанышты.
Борбор калаанын бир топ көчөлөрүн кыдырууда агын суунун тартыштыгынан айрым көрктөндүрүүчү жерлер куурап баратканына күбө болгон Бакыт Төрөбаев биринчи кезекте скважина куруу иштерин алып баруу зарылдыгын белгиледи.
“Бишкектин арыктарында суу жок. Союздан калган эски ирригация тармагын жаңылоо кажет. Биринчи кезекте шаардык суу канал ишканасы агын сууларды туура бөлүштүрүү иштерин колго алышы керек. Ошол эле учурда шаардын бардык аймагындагы каналдарды аягына чейин жеткирүү тапшырмасын алышат. Мындан сырткары кайсыл жерге суу чыгаруучу скважина курса болорун аныктап чыгышат” – деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.
Бишкек шаардык мэриясынын тийиштүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери коштогон Бакыт Төрөбаевдин кыдыруусу Ж.Абдрахманов, И. Ахунбаев атындагы көчөлөрдөн тартып А. Масалиев түштүк магистралына чейинки жол жээктеринде улантылды. Бишкек шаарынын вице мэри Олег Попиков калаада ирригация тармагынын 60-70% канааттандырарлык эмес абалда экенин айтат.
“Шаардын бир топ бөлүгүн суу менен камсыздаган Ала-Арча каналы кургап, суу келбей калды. Биз суу тартыштыгын жоюу максатында калаадагы бардык ирригация секторлорун кайрадан тактап чыктык. Мэрдин чечими менен азыр ирригация тармагы менен иш алып бара турган өзүнчө ишкана түзүлүп жатат. Биз шаарды көрктөндүрүүнү тамчылатып сугарууга өткөрүүнү пландап жатабыз. Учурда 47 скважина иштеп жатат” – деди Попиков.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары аба-ырайынын ысыктыгын эске алып бак-дарактарды кургап калуудан сактап, тийиштүү кызматарды тынымсыз иш алып барууга чакырды.