19
Июль
2022
Абсаттар Сыргабаев Базар-Коргондогу жарандарын жеке маселелерин укту
Бүгүн, 19-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу Абсаттар Сыргабаев Базар-Коргон районундагы жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Ыйгарым укуктуу өкүлгө жергиликтүү тургундар чечилбей келген бир катар көйгөйлөрүн айтышты. Мындан сырткары укуктук жана социалдык маселер боюнча да кайрылышты. Облус башчысы ар бир кайрылуу каралып, мыйзам чегинде чечим кабыл алынаарын билдирди. Ошол эле учурда аймактагы айрым маселелерди жеринен барып көрдү.