21

Июль

2022

Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун жаңыланган редакциясы б

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштардын аталышын атоону жана өзгөртүп атоону иретке келтирүү максатында кабыл алынды.

Мындан улам жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону кабыл алынган токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндоо чечими кабыл алынды.