21

Июль

2022

Ысык-Ата районунда Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда өсүмдүк майын чыгаруучу завод ишке киргизилди

Министрлер Кабинетинин Төрөгасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан өсүмдүк  майын чыгаруучу заводдун ачылышына катышты. 

Бакыт Төрөбаев дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугу негизги көйгөй болуп жаткан чакта өлкөдө мындай өндүрүштүн ишке түшүүсү жакшы саамалык экендигин белгиледи. 

“Өлкөдө учурда калкты түлүк менен камсыздоо жагынан тартыштык жок. Министрлер кабинети антикризистик чараларды бекитип, аны аткарууга ири каражат бөлгөн. Натыйжада башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде негизги азыктарга болгон баалар кескин кымбаттаган жок. Импортту азайтып, өндүрүштүк ишканаларды ачууну улантыбышыз керек. Президентибиз Садыр Жапаровдун да талабы ишкердикти колдоо аркылуу өндүрүштүк ишканаларды ачуу, токтоп турган өнөр жайларды жандандыруу болууда “– деди Бакыт Төрөбаев.

“Atalyk Group” жабык акционердик коому ишке киргизген май чыгаруучу цех суткасына 14 тонна өсүмдүк майды өндүрүүгө ылайыкташкан. Алгач ирет ишин баштаган цехте 30га чукул адам жумуш менен камсыз болгон. 

Кыргызстандагы эң ири агроөнөр жай холдинги өндүрүштүк ишмердүүлүктүн негизги багыттары катары: үрөнчүлүк, асыл тукум мал чарбачылыгы, жүзүмчүлүк, жүзүм шарабын өндүрүү, май өсүмдүктөрүн өстүрүү, өсүмдүк майын чыгарууну колго алган. 

Буга чейин аталган компаниянын ишмердүүлүгү менен Бакыт Төрөбаев жеринде таанышып, өндүрүштү ишке киргизүүгө тоскоол болгон маселелерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды тиешелүү мамлекеттик органдарга берген. 

Өсүмдүк майын сатуу рыногу биринчи кезекте дүйнөдөгү акыркы окуяларды эске алуу менен-бул май азыктары боюнча азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлкөнүн ички рыногун камтыйт. Экинчиден, ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана алыскы чет өлкөлөргө абдан жакшы импорттук потенциалга ээ болуп саналат.

Кыргызстанда учурда 7 өсүмдүк майын өндүргөн завод иштейт.