22
Июль
Базар-Коргон району менен Чүй облусунун Аламүдүн району өз ара кызматташтыгын бекемдөөдө
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолугушту.
Буга чейин эки район ортосунда экономикалык кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Ага ылайык райондун айыл аймак башчылары жана мекеме жетекчилеринен түзүлгөн делегация Базар-Коргон районуна келди. Үч күн алкагында алар өз ара тажрыйба алмашып, аймактын жетишкендиктери, айыл чарба, өндүрүш жана туристик потенциалы менен жеринен таанышат. Базар-Коргон районунан түзүлгөн ушундай эле делегация Аламүдүн районунда болушкан.
Облус башчысы делегация курамын Жалал-Абад жергесине келишин кубаттарын билдирип, аймактардагы иш аракеттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле район акимдеринин бул аракети кызматкерлердин тажрыйбасын арттырууга жана элдердин биримдигин бекемдөөгө чоң салым кошоорун айтты.