18
Июль
2022
Ага Хан өнүктүрүү уюму менен кызматташтык улантылат
18-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Ага Хан өнүктүрүү уюмунун өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушууга Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү, доктор Баркат Фазал мырза, Борбордук Азия университетинин ректору Сохаил Накви мырза, Ага Хан өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасындагы директору Давлатсултан Доргабекова айым баштаган өкүлдөр катышып, эки тараптуу кызматташууну бийик деңгээлге көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Өз кезегинде Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү, доктор Баркат Фазал мырза облус жетекчиси Алтынбек Эргешовду жаңы кызмат орду менен куттуктап, ийгилик каалады.
Баарлашуу учурунда Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Борбордук Азия университетинин Нарын шаарында ачылып калганы облустун эли үчүн социалдык, экономикалык, интеллектуалдык, маданий чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачканын баса белгиледи.
Муну менен катар облус жетекчиси Ага Хан өнүктүрүү тармагы менен кызматташуу боюнча көптөгөн идеялары, пландары бар экенин, кызматташуунун жыйынтыгын карапайым эл сезе тургандай деңгээлге жеткирүү керектигин билдирди.
Ошондой эле жакын арада “Инвест кеңеш” түзүү, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүлүшүн өзгөртүү пландары менен бөлүшүп, сапаттуу бизнес долбоорлорду даярдоо боюнча окутуулар зарылдыгын, айрыкча “Жашыл экономика”, “Жашыл энергетика” долбоорлоруна Ага Хан өнүктүрүү уюму тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлсө жакшы болоорун айтты.
Доктор Баркат Фазал мырза бул демилгелер аларды да ойлондурган глобалдуу маселе экенин, буюрса биргелешип иш алып барылаарын ишенимдүү билдирди.
Жолугушуунун кийинки бөлүгүндө Ага Хан өнүктурүү уюму тарабынан буга чейин ишке ашкан долбоорлор презентацияланды.
Андан соң облус жетекчиси Борбордук Азия университетинин Нарын шаарындагы кампусунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.