05
Июль
2022
Көмүр тартуу иштерин эртелеп бүткөрүү тапшырмасы берилди
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кышка даярдык боюнча штабдын кезектеги отурумун өткөрүп, Нарын облусунун кыш мезгилине даярдыгынын абалы менен таанышты.
Жыйынга облустук жана райондук штабдын мүчөлөрү, райондордун акимдери, тиешелүү мекеме жетекчилери катышты.
Отурумда ыйгарым укуктуу өкүлдүн үстүбүздөгү жылдын 24-майындагы буйругунун негизинде кышка даярдык иштери алып барылып жатканы, быйыл тендерлер жоюлгандыктан көмүр тартуу иштери келишим менен эртерээк жүргүзүлөөрү, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалында көмүр кору даяр турганы, облус үчүн жалпы 116 миң 54 тонна көмүр отуну керектелээри тууралуу маалымат берилди.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов райондордун, шаардын жетекчилерин угуп, даярдыктын абалын сурады. Айрыкча Нарын шаарындагы Жылуулук берүү ишканасынын ишмердүүлүгүнө маани берип, кыштан элди үшүтпөй алып чыгуу тапшырмасын берди. Ишкананын абалын жеринде көрөөрүн айтты.
Жыйында 15-июлга чейин келишимдерди бүтүрүп, 15-сентябрга чейин бюджеттик мекемелерге көмүр отунун тартып бүтүрүү милдеттендирилди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.