21
Июль
2022
Ат-Башыда эфир майын чыгара турган өндүруш ишканасы ачылды
21-июлда Ат-Башы районунда эфир майын чыгара турган "Дордой-Дары" өндүрүш ишканасы ишке кирди.
"Дордой-Дары" жоопкерчилиги чектелген коому 2002-жылы уюштурулуп, дары чөптөрдү чогултуу, аны кайра иштетүү багытында ишмердүүлүк кылып келген.
Ишкана Япониялык эл аралык кызматташуу агенттигинин (JIKA) "Бир айыл - бир продукт" долбоорунун, ушул эле агенттиктин "Аз камсыз үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылуу" долбоорунун жана Бириккен улуттар уюмунун "Азык-түлүк программасынын" материалдык, техникалык колдоосу менен кеңейтилип, май чыгаруучу жабдуулар, ар тараптуу окутуулар менен камсыз болгон.
Ошондой эле өндүрүштүк ишканага "Дордой" ассоциациясы тарабынан толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, жабдуулар менен камсыздалган.
Өндүрүштүк ишкананын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэдо Сигеки мырза, Бириккен улуттар уюмунун "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын Кыргызстандагы директору Коджиро Накай мырза, "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров жана башкалар катышты.
Өндүрүш ишканасынын ачылышына катышкан облус жетекчиси Алтынбек Эргешов: "Ат-Башы районуна болгон алгачкы иш сапарым өндүрүштүк ишкананын ачылышына дал келгени мени абдан кубандырат.
Эл аралык өнөктөштөрүбүздүн жана ички инвесторлорубуздун биргелешкен аракети менен Теңир Тоонун касиеттүү чөптөрүнөн эфир майын чыгара турган заводдун ишке кирип жатканы Нарын облусу үчүн гана эмес Кыргызстан үчүн чоң жаңылык жана экономикабызды бир кадам алдыга жылдырган мыкты саамалык деп эсептейм,-деп билдирди.
Ошондой эле ушул идеяны жаратып, 2002-жылдан бери дары чөптөрдү чогултуу, аны кайра иштетүү менен алектенип келген “Дордой-Дары” ишканасынын жетекчиси Дамира Кампабековага жана эл аралык уюмдарга, "Дордой" ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбеков го терең ыраазычылык билдирди.
Ишканада 10 жумуш орду түзүлгөн. Сезон убагында 35 адам жумушка тартылат.
29 чөптүн түрү, 10 чөптүн жыйындысы чыгарылып, дары чөптөрдүн уруктарынан эфир майы өндүрүлөт.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.