26

Июль

2022

Нарында сафлор өсүмдүгүнөн май өндүрүлөт

Ак-Талаа районунун эли менен жолугушууда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов буга чейинки жетекчилик тарабынан сафлор өсүмдүгүн өстүрүү сыяктуу жакшы иштер колго алынып, 400 гектар аянтка сафлор эгилгенин белгиледи. 

Буюрса өсүмдүк текши гүлдөп, жакшы өсүп жатканын, өсүмдүктөн май алуу үчүн Теңир Тоо өнүктүрүү фондунан завод алынып, коюлуп берилээрин  маалымдады. Кийинки жылдары өсүмдүктүн аянтын 1000 гектарга чейин көбөйтүү колго алынаарын, ушуга окшогон чакан жана орто ишкердикти  өнүктүрүү долбоорлоруна көңүл бурулаарын айтты.

Болжол менен сафлордун 1 гектарынан 1,5 тонна түшүм алынса, 1 тонна түшүмдөн 300 кил май чыгарууга болот.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.