03

Август

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бахрейнден келген делегацияны кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун директору Ахмед Аль-Шейх жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары республиканын туристтик мүмкүнчүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын финансы институттары менен түз байланыштарды жайгаруу, атап айтканда, банк иши, финансы, блокчейн технологияларын колдонуу сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун жетекчиси өз ара кызыкчылыктарды туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирди.