16

Август

2022

Баку шаарында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-кеңешмеси өттү

Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жана Азербайжан Республикасынын Премьер-Министринин орун басары Али Ахмедовдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-кеңешмеси өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, транспорт-логистикалык тармактарда, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында, ошондой эле эмгек, социалдык жана миграция тармактарындагы кызматташууга тийиштүү маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди кеңейтүү үчүн эки тараптуу сооданын көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү тийиштүү чараларды көрүү зарыл.

Али Ахмедов өз кезегинде азербайжан тараптын Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууга даярдыгын билдирди.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 19-20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Президенти  Илхам Алиевдин Кыргыз Республикасына жооп иретиндеги мамлекеттик сапарынын мазмундук бөлүгүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти, ал инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүүгө жана кеңейтүүгө, ишкер байланыштарды чыңдоого жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берет.

Мындан тышкары, 2023-жылы Кыргыз Республикасында өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынына карата Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн беш жылдык комплекстүү программасынын долбоорун даярдоо жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Кеңешменин жыйынтыгында тараптар жыйынтыктоочу Протоколго кол коюшту.