18

Август

2022

Мамлекеттик органдар жарандар менен бизнестин суроолоруна социалдык түйүн аркылуу жооп беришет

img

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери социалдык түйүндөрдө жума сайын отчет берип баштаарын маалымдайт. 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 14-июлунда Министрлер Кабинетинин кеңейтилген жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга  социалдык түйүндөргө түз чыгып аткарылган иштер тууралуу кыргызстандыктарды маалымдоону тапшырган.

Мамлекет башчысы белгилегендей мындай отчеттор аткаруу бийлигинин өлкө жашоочуларынын алдындагы жоопкерчилигин жана отчеттуулугун күчөтүп, мамлекеттик башкаруу процессине калктын кеңири тартылуусуна мүмкүнчүлүк берет. 

Төмөндө 2022-жылдын 19-августуна карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин «Facebook» жана «Instagram» социалдык тармактарында расмий аккаунттары аркылуу түз эфирге чыгуу графигин сунуштайбыз:

1.  09:00 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, министрдин орун басары, полковник Урматбек Муслимович Шамырканов ӨКМ ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берет. (жооптуу адам: Токторов А. 0778-83-50-00);

2. 11:00 – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, министрдин орун басары Касейинов Кубат Үсөнкулович министрликтин жер жана суу ресурстарын башкаруу саясатына, мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жана анын келечегине байланыштуу суроолорго жооп берет.

(жооптуу адам: Исабаева А. 0990-30-11-31);

3. 15:00 - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов 2022-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө.

(жооптуу адам: Маматова М. 0550-90-01-30);

4. 15:00 - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров Калкты тейлөө борборлорунун иши, документтештирүү жана архив иши маселеси боюнча

(жооптуу адам: Кыдырмышева Э. 0 509 888 011);

5. 15:00 - Социалдык фонд

(жооптуу адам: Абдылдаев А. 0550 28 96 77).