19
Август
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов менен соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады.
Акылбек Жапаров Али Асадовду Кыргыз Республикасына үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына конок катары келип кетүүгө чакырды.