09
Август
2022
Бакытбек Нарбеков, Воронеж облусундагы Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдик көрсөткөнүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чараларга катышты
5- августтан 8-августка чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков баштаган делегация Россия федерациясынын Воронеж облусунда болуп кайтты.
Облус башчысын, Кыргыз Республикасынын Воронеж облусундагы Ардактуу консулу Талантбек Намазбеков, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин тууганы Жаныбек Түлөбердиев, Воронеж облусундагы кыргыздардын “Мурас” коомдук бирикмесинин президенти Калыбек Назарбаев, Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев коштоп жүрдү.
“6-август эл-аралык, мекенди коргоочулардын жана улуттардын достугу интернационалдык күнүндө” Россия федерациясынын Воронеж облусуна караштуу Лиски районундагы Селявное-2 айылында “Сторожевский плацдармынын” жана Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдик көрсөткөнүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чаралар болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Талас облусунан барган делегация мүчөлөрү, Воронеж облусунун коомдук палатасынын , Лиски административдик муниципалдык районунун өкүлдөрү, Воронеж облусунун губернаторунун алдындагы райондук жана облустук Ардагерлер Кеңештеринин өкүлдөрү, Воронеж облусундагы кыргыздардын “Мурас” коомдук бирикмесинин жана Россиянын ар кайсыл облустарындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.
Эс керүү иш чарасы Россия федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталды.
Воронеж облусунун Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Олег Мосолов алгачкы куттуктоо сөзүн сүйлөп Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги көп улуттуу СССРдин аскерлеринин Мекенди коргоодогу эрдиктерин айтып анын ичинде Светтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин кайталангыс эрдигин баса белгилеп өттү.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын сырткы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев сөз сүйлөп Советтер союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин эскерип жыл сайын иш чараларды уюштуруп жаткандарга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, эскерүү иш чарасында Воронеж облусунун экономикалык өнүгүү департаментинин башчысы Данил Кустов, Воронеж атом электро станциясынын баштапкы профсоюздук уюмунун башчысы Юрий Бабенко, согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин Воронеж облустук кеңешинин төрагасы, отставкадагы генерал-майор Станислав Ходоковский сөз сүйлөдү.
Чыгып сүйлөгөндөр Улуу Ата Мекендик Согуштагы көп улутуу мурдагы СССРдин элдеринин ынтымагын жана каармандык күрөшүн айтышып Чолпонбай Түлөбердиевдин кайталангыс эрдигин белгилешти.
Андан соң, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин алдыда салтанаттуу митинг болуп өттү. Митингдин жүрүшүндө Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги ыр түрүндө митингдин алып баруучулары аркылуу даңкталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков өз сөзүндө: “ Биз мындай маанилүү күнү Воронеж облусунун кут даарыган жергесинде, кыргыз элинин уулу Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдик көрсөткөнүнүн 80 жылдык мааракесине катышып жаткандыгыбыз үчүн кубанычтабыз. Бүгүн биз аталарыбыздын, апаларыбыздын эрдиктерин эскерип биз алардын каармандыгы, тайманбастыгы жана Мекенге болгон сүйүүсү үчүн сыймыктанабыз. Улуу Ата Мекендик согушта өмүрү кыйылгандардын баардыгынын алдында чын ыкыласыбыздан башыбызды ийип таазим кылабыз” деди.
Мындан тышкары, Эскерүү митингинде Лиски муниципалдык районунун башчысы Игорь Кирнос, Кыргыз республикасынын Воронеж облусундагы Ардактуу консулу Талантбек Намазбеков, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин небереси Жаныбек Түлөбердиев, Селявное-2 айылынын тургуну Мария Колесникова сөз сүйлөп Чолпонбай Түлөбердиевдин жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын каарман эрдигин эскерип өтүштү.
Андан соң, Светтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине гүлчамбарлар коюлуп мында чогулгандар Чолпонбай Түлөбердиевдин мүрзөсүнө барып куран окулду.
“Сторожевский плацдармынын” жана Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдик көрсөткөнүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чаралардын кийинки бөлүгү Селявное -2 айылында өтүп “Мурас” коомдук бирикмесинин жана Россиянын ар кайсыл облустарындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү тарабынан боз үйлөр тигилип келген коноктор үчүн дасторкон жайылды.
Воронеж шаарынын “За Отвагу” жана Нововоронеж шаарынын “Просвет” аскерий-тарыхый клубдарынын Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилиндеги курал-жарак жана техникалардын көргөзмөсү болуп өттү.
Иш чаралар аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Воронеж облусундагы кыргыздардын “Мурас” коомдук бирикмесинин жана Россиянын ар кайсыл облустарындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуп пикир алмашты. Облус башчысы мекендештерге Талас облусунун аймагында ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл мекендештерди Талас облусуна инвестиция салууга чакырды.
Кыргызстандан келген делегация Светтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин музейи менен таанышып Бакытбек Нарбеков музейге Чолпонбай Түлөбердиевдин портретин белек кылды.
Иш чаранын соңунда жергиликтүү маданият үйүндө, Воронеж облусунун маданият кызматкерлеринин жана Кыргызстандан барган маданият кызматкерлеринин биргелешкен концерттик программасы болуп өттү. Ошол эле мезгилде кыргыз Күрөш боюнча мелдештер жүрүп жатты.
Иш чараны уюштурууга активдүү катышкандарга жана Кыргыз Күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ардак Грамоталар, атайын медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, Талас облусунан делегациясы Воронеж шаарындагы жана Лиски районундагы Советтер Союзунун Баатыры, Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдик көрсөткөндүгүнүн 80 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш чараларга катышуу үчүн барган.