23
Август
2022
Саламаттык сактоо министринин м.а. Гүлнара Баатырова Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырованы тааныштырды.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, саламаттык сактоо министри кызматына дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.