23

Август

2022

Ош шаарынын аэропортуна Россия Федерациясынын Ульяновск областындагы жол кырсыгынын натыйжасында каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөгү салынган атайын борт келди

Ош шаарынын аэропортуна Россия Федерациясынын  Ульяновск областындагы жол кырсыгынын натыйжасында каза болгон 14 мекендешибиздин сөөгү салынган атайын борт келди. 

Тийиштүү уюштуруу иштерин жана башка маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилиги жеринде иш алып барууда. 

Каза болгондордун туугандарына Президент Садыр Жапаровдун атынан материалдык жардам көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчынын Жарлыгы менен 23-август Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.