25

Август

2022

Акылбек Жапаров: КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири болуп саналат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана Евразия экономикалык биримдигинин “Келечек” биринчи жаштар форумунун ачылышына катышты.

Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович да катышты.

Учурашуу сөзүндө Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаров КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экенин белгиледи.

“Бул форум Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуусунун алкагында өткөрүлүүдө. Жаштар форумун өткөрүү боюнча эстафета мындан ары да уланат деп ишенебиз. Бүгүнкү форум 500дөн ашуун катышуучуларды, жаштардын эң активдүү өкүлдөрүн чогултту, алардын арасында КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигинде интеграцияга жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын туруктуу өсүшүнө көп күч-аракетин жумшап жаткан инсандар бар”, - деди ал.

Акылбек Жапаров учурда өсүп келе жаткан муундун, интеллигенциянын жана бизнес-акселераторлордун КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн технологиялык жактан алдыга жылышы үчүн ишкердиктин заманбап ролун, кесиптин, инфраструктуранын маанилүүлүгүн түшүнүүсү абдан маанилүү экендигин белгиледи. 

“Билим берүү жана коомчулуктун долбоорлору, өзгөчө эл аралык экономика, робототехника жана IT-технологиялар тармагында чыгармачыл жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. КМШнын жана ЕАЭБдин жаштар күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экендиги маанилүү. Бул багытты андан ары диверсификациялоо биздин жаштардын чет мамлекеттер, интеграциялык региондук бирикмелер менен байланыштарынын географиясын - Түштүк Америкадан Түштүк-Чыгыш Азияга чейин кеңейтет. Акыркы он жылдыктардын тажрыйбасы динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөдө өнүгүүнүн инновациялык потенциалын натыйжалуу өнүктүрө алган жана жемиштүү пайдалана алган мамлекеттер жана уюмдар стратегиялык артыкчылыктарга ээ болоруна ынандырат. Алардын негизги алып жүрүүчүлөрү - жаштар”, - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы Жаштар форуму КМШ менен ЕАЭБ мамлекеттеринин, бизнестин жаш өкүлдөрүнүн жана ишкер коомчулугунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда адамзат алдында турган заманбап милдеттерди чечүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн чыныгы натыйжалуу механизми болуп калат деген оюн билдирди.

“Биздин Форум Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдөгү жаштардын интеграциялык процесстери үчүн “бурулуш рычагы” болуп калат деп ишенем”, - деди Акылбек Жапаров.