26

Август

2022

Евразия экономикалык комиссиясынын 10 жылдыгына карата почта маркаларын жокко чыгаруу аземи болуп өттү

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата  ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда почта маркаларын негиздөө расмий аземи болуп өттү

Салтанатка Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин катышты. 


Маалымат үчүн

Почта маркаларынын алгачкы чыгарылышы 2015-жылы болуп, 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюуга арналган.

Экинчи чыгарылыш 2019-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына арналган.