31
Август
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду республиканын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Казакстан жана Кыргызстан ортосундагы салтка айланган бир туугандык мамилелерге негизделген интеграциялык байланыштар бардык тармактардагы жетишкендиктерге алып келүүдө. Өкмөттөр эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө олуттуу салымын кошууда. Жакынкы мезгилде биз ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө күч-аракетибизди жумшайбыз деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.
Алихан Смаилов Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана боордош кыргыз элинин келечеги үчүн жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.