01
Сентябрь
2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы бекитилди
2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын кабыл алынышы “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабы болуп саналарын белгилей кетүү зарыл.
Документ укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин ишинин мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына карата көз караштардын системасын билдирет, анын компоненттерин жана 2022–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштин багытын аныктайт.