31
Август
2022
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нарбеков Бакытбек Наркуловичтин, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу:
Урматтуу агайын туугандар!
Кадырлуу калайык калк!
Сиздерди, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдык мааракеси менен өзүмдүн жана Айкөл Манас Атабыз жердеген, кут даарыган касиеттүү Талас жергесинин жалпы элинин атынан ак дилимден куттуктап коюууга уруксат этиңиздер!
Ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз –бул биздин эркин, көз карандысыз Кыргызстаныбыз. Андыктан, Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо, сактоо ар бирибиздин ыйык парзыбызы болуп саналат.
«Беш манжа бөлөк, билек бир, беш адам бөлөк тилек бир" демекчи, жалпыбыздын тилегибиз күнөстүү мекенибиздин тынчтыгы жана элибиздин ынтымак-ырашкерлиги.Айкөл Манас атабыз “Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө. Бөлүнсөң бөрү жеп кетет. Бөлүнүптүр кыргыз деп. Бөлөк элге кеп кетет”- деп эли – журтун ар дайым биримдикке чакырган.
“Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” – акылман элибиз, эзелтен эле өзүнүн ак пейилдүүлүгү, даанышмандыгы, “кара кылды как жарган калыстыгы” жана ажалга тике караган баатырдыгы менен башка улуттардан өзгөчөлөнүп келген.
Байыркы элибиздин тарыхына, маданиятына салт-санаасына урмат көрсөтүү, ата-бабалардын жолун жолдоп алардын элесине таазим этүү ар бирибиздин милдетибиз.
Ааламдашуу доорунда көп нерсе чагылгандай тездик менен өзгөрүүдө. Заманбап технологиялар күн сайын жаңыланып адамзаттын акылы ай чапчып, бизге буга чейин белгисиз космос мейкиндиктерин изилдөөгө кол жеткирди.Ошол эле учурда , жалпыбыздын турмушубузда көндүм нерселер акырындык менен өзүнүн актуалдуулугун жоготууда. 21-кылымда эчким заманбап эсепкердин ордуна эсеп-чот кагып отурбайт. Же болбосо, азыркы тапта компьютерди билбеген адам жумушка орношуусу такыр эле мүмкүн эмес. Андыктан, биз заманбап технологиялардан бир кадам да артта калбастан алардын баарын өздөштүрүп турмушубузда колдонушубуз зарыл.
Ошондо гана, эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо менен бирге мамлекетибиздин гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошо аларыбыз айкын.
Кең Таластын кадырман журтунун атынан жалпы Кыргызстан калкын Манас бабабыздын осуятын бек тутуп, бир билек болуп түрүлүп, бир муштум болуп түйүлүп, биримдикте болууга чакырам.
Кыргыз эли – Жараткан сүйгөн эл. Кудай бизге укмуштай кооз жер берген. Эгемендүүлүктү тартуулаган. Дүйнөдө көптөгөн элдер өз жерине, мамлекетине жете албай кылымдап күрөшүп, запкы көрүп, жанын берип, эңсеп келсе, бизге эгемендүүлүк мурас катары ыйгарылды. Ошол Жараткандын тартуусун барктап, баалап алалы!
Урматтуу агайын туугандар!
Кадырлуу калайык калк!
Сөзүмдүн аягында, жалпыңыздарды дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдык мааракеси менен чын дилимен куттуктайм!
Ушул кубанычтуу күнү, ар бириңиздерге үй-бүлөлүк бакыт, чың ден-соолук, узун-өмүр, бейпил турмуш каалайм!
Күнөстүү Мекенибиздин чамгарагы бийик болуп, түбөлүгү түз болсун!
Сиздерди дайым ЖАРАТКАН өзү колдой жүрсүн!