07
Сентябрь
Аткаруу бийлигинин, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн Ош облусунун тургундары менен жолугушуусу уланууда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош облусунун Араван районунун тургундары менен жолугушту.
Жергиликтүү эл менен жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана Ош облусунун Араван районунун акими Сейтек Кулубаев да катышты.
Жыйында көп убакыттан бери авариялык абалда турган бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүү, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, райондук оорукананы медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Жыйынга катышкан жергиликтүү укук коргоочулар өлкөнүн Башкы прокуроруна жабырлануучуларга карата өзүм билемдикке жол берип, кылмыш иштерин негизсиз жаап салган Араван РИИБдин айрым тергөөчүлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерине тийиштүү кайрылышты.
Райондун бир катар айыл өкмөттөрүнүн тургундары канализацияны ишке киргизүү, районго тийиштүү жайыттарды кайтаруу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.
Белгилей кетсек, көптөгөн кайрылуулар жыйынга катышкан мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү тарабынан жеринде дароо каралды.
Жергиликтүү коомдук ишмерлер да келип түшкөн кайрылууларды көзөмөлгө алуу максатында тургундардын кайрылууларын каттоого алышты.
Кийинки жолугушуулардын алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарына баруу пландалууда. Белгилей кетсек, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин жолугушуулары Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.