09
Сентябрь
Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Серик Жумангарин башында турган казак делегациясы менен жолугушту
“Ак-Тилек ” автожол өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Серик Жумангариндин жолугушуусу болуп өттү.
Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” – автожол бекетинин иши жана өнөр жай соода-логистикалык комплекси курула турган жер менен таанышты.
Тараптар “Ак-Тилек” жана “Карасу” автожол өткөрмө пункттарынын аймагында биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай-соода-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-казак өкмөттөр аралык жумушчу тобунун экинчи жыйыны өтөт.