14

Сентябрь

2022

Таалайбек Ибраев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Ибраев Таалайбек Өмүкеевич Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Аталган чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.