14
Сентябрь
Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык маселеси Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат

Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырмалуу жакшы. 2022-жылдын 13-сентябрына карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун жалпы көлөмү 13,5 млрд куб метрди түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,28 млрд кубометрге (12,2 млрд. кубометр) көп.
Белгилей кетсек, келерки жылытуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында Министрлер Кабинети тарабынан комплекстүү иш-чаралар планы кабыл алынган. Буга катар калкты жана экономиканын тармактарын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб түзүлгөн.
Учурда бардык мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана энергетика компаниялары менен биргеликте планга киргизилген ар бир иш-чараны аткаруу маселелери иштелип чыгууда.
Иш-чаралардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тиешелүү органдардын жетекчилигине жана жергиликтүү жетекчилерге жүктөлөт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын аталган маселени көзөмөлдөгөн орун басары Бакыт Төрөбаевдин деңгээлинде жумушчу көчмө жыйындар, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча республикалык штаб жыйындары, ошондой отун менен камсыз кылуу маселеси боюнча жыйындар жана кеңешмелер бир нече жолу жүргүзүлүп келген жана өткөрүлүүдө.
Мисалы, 2022-жылдын 1-сентябрына карата бюджеттик мекемелер тарабынан 46,2 миң тонна көмүр сатылып алынып, оң динамика байкалууда, план 102,5%га аткарылган (план 45,1 миң тонна). Жалпысынан калктын көмүр камдоосу 250,3 миң тонна болсо, план боюнча 180,9 миң тоннаны (138,4%) түзөт.
Республиканыҥ барлык энергетика объектилеринде пландаштырылган ондоо кампаниясы графикке ылайык жүрүүдө, олуттуу кемчиликтер жок. Республикада керектөөнүн лимиттери сакталууда.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына кыртыш ачуу иштеринин жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Министрлер Кабинети кошумча атайын техника бөлүү маслесин чечти.
Учурда Бишкек ЖЭБине көмүрдү темир жол менен ташуу үчүн белгиленген женилдетилген тарифти орнотуу, ошондой эле Кара-Кече кенинен жерликтүү көмүрдү ташуу көлөмүн жогорулатуу маселеси иштелип чыккан.