15
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кыргызстан- Беларусь» бизнес-форумунун ачылышына катышты
Кыргыз-беларусь кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечектүү багыты болуп жогорку кошумча нарктагы продукцияны өндүрүү потенциалын, кубаттуулугун кеңейтүү, ошондой эле өнөр жайдын бардык тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүү саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош шаарында өтүп жаткан «Кыргызстан-Беларусь» бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Форум Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын алкагында өтүүдө.
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардыгыңыздарды алгач ирет өтүп жаткан «Кыргызстан-Беларусь» бизнес-форумуна кош келиңиздер демекчимин. Учурдан пайдаланып, бизнес-форумдун ардактуу коногу – Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивакка, ошондой эле Беларусь Республикасынын делегациясынын бардык мүчөлөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. «Кыргызстан - Беларусь» биринчи бизнес-форуму бизнес чөйрөлөр ортосундагы кызматташтык көпүрөсүн бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын алдында турган негизги социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоого арналган», - деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, Беларусь Республикасы – Кыргыз Республикасынын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири.
«Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-белорусь комиссиясы жана бүгүнкүгө окшогон бизнес форумдар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө болгон потенциалды ишке ашыруунун натыйжалуу механизми болуп саналат. Учурда республикада товардык бөлүштүрүү тармагынын субьектилеринин 54 өкүлчүлүгү жана белорус ишканаларынын дистрибьюторлору, анын ичинде «Минск трактор заводу» акционердик коомунун тракторлорду жыйноочу өндүрүшү иштейт. Ошол эле учурда кыргыз тарап маалымат технологиялары, айыл чарба, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактарга инвестиция тартууга кызыкдар», - деди Бакыт Төрөбаев.
Иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бизнес-форумдун күн тартиби кыргыз-беларусь кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн колдогу потенциалды толук ачууга жана ишкердик кызматташууну тереңдетүүгө багытталган конкреттүү келечектүү инвестициялык долбоорлорду карап чыгууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
«Форумдун алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгып, иш-чарага катышкан мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин позитивдүү тенденцияларын андан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ишенем», - деп жыйынтыктады ал.