17
Сентябрь
Куралдуу кагылыш болгон жерден эвакуацияланган Баткен облусунун тургундарын Бишкектеги бир нече мейманканаларга жайгаштырууга мүмкүн
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыш болгон жерден эвакуацияланган жана Бишкек шаарында жүргөн Баткен облусунун тургундары борбордогу бир нече мейманканаларга убактылуу жайгаша алышат.
- "Достук" мейманканасы, Бишкек ш., Фрунзе көч., 429 «б» дарегинде жайгашкан, 10 жаранды кабыл алууга даяр. Кошумча орундар даярдалууда (байланыш телефону: 0500 61 18 06, Рустам).
- «Семетей» мейманканасы, Бишкек ш., Токтогул көч., 125, 20га чейин жаранды кабыл алууга даяр (байланыш телефону: 0555 65 22 22, Чыңгыз).
- «Ата-Түрк Ала-Тоо» мейманканасы, Бишкек ш., Исакеев көч. 2а/2, 15ке чейин жаранды кабыл алууга даяр (байланыш телефону: 0507 77 77 24, Өмүрбек).