17
Сентябрь
Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт
Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар тууралуу маалымат
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 2022-жылдын 17-сентябры саат 9:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 103 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы - 41 жабырлануучу;
2. ЖДПБ Лейлек - 21 жабырлануучу;
3. ЖДПБ Кулунду - 3 жабырлануучу,
4. ЖДПБ Сүлүктү – 6 жабырлануучу,
5. Улуттук госпиталда - 20 жабырлануучу,
6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу