17

Сентябрь

2022

ӨКМ маалымдайт

БАТКЕН ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ

Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз Республикасы Тажикстан менен чектешкен аймактарда курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу аймакка тынчтык абалга келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо көчүрүү иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында, Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башчысы – Ыйгарым укуктуу өкүлү  Абдикарим Алимбаевдин 2022 жылдын 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында  өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 

Өзгөчө кырдаал жарыяланган аймак Баткен облусун камтыды.