17

Сентябрь

2022

КР УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт (14:20 маалымат)

КР  УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин командири генерал-полковник Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саат 14:20да тажик тарап Ош облусунун Чоң-Алай районунун Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын миномёттон жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоону токтотту. 

КР УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.