17

Сентябрь

2022

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Спорт ордосундагы гуманитардык жардамды кабыл алуунун бирдиктүү борборлоштурулган пунктуна барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун имаратында жайгашкан гуманитардык жардамды кабыл алуунун бирдиктүү борборлоштурулган пунктуна барды. 

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Баткен облусуна 100 тоннага жакын гуманитардык жүк жөнөтүлсө, бүгүн дагы 40 тоннага жакын жүк жөнөтүлмөкчү.

Гуманитардык жардамды кабыл алуунун бирдиктүү борборлоштурулган пунктуна келип түшкөн бардык тамак-аш, дары-дармек, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, кийим-кече жана башка буюмдардын электрондук эсеби Түндүк 1227 тутумунун жардамы менен жүргүзүлүүдө. Система бүткүл өлкө боюнча бир эле убакта келип түшкөн жардамды онлайн эсепке алууга мүмкүндүк берет. Жардамдын борборлоштурулган маалымат базасы аркылуу Баткен облусунун тургундары үчүн талап кылынган товарлардын категориялары тез арада аныкталат. Тутум аркылуу саат сайын маалыматтарды талдоо жүргүзүлөт, бул Баткен облусуна гуманитардык жүктөрдү жөнөтүү процессин эффективдүү башкарууга мүмкүндүк берет. Талап кылынган муктаждыктар массалык маалымат каражаттарында мезгил-мезгили менен чагылдырылып турат.

Мындан тышкары, республикалык штабдын базасында «1227» кыска номуру менен байланыш борбору ишке киргизилип, ал аркылуу жарандар окуя болгон жерден жардам сурап кайрыла алышат жана талап кылынган азык-түлүктөр тууралуу маалымат ала алышат.