17

Сентябрь

2022

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бишкекте аккредиттелген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери үчүн брифинг өткөрдү.

2022-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бишкек шаарында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине Тышкы иштер министрлигинин кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча брифинг өткөрдү. 

Брифингдин жүрүшүндө катышуучуларга адам курмандыктары, анын ичинде карапайым калк, ички жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер менен турак жайлардын кыйрашы, кыргыз жарандарынын мүлкүн талап-тоноо фактылары тууралуу маалымат берилди. 

Брифингдин катышуучуларына ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын тажик куралдуу күчтөрүнүн жана тартипсиз аскерлештирилген топторунун кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо максатында УКМКнын Чек ара кызматы жана укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын ведомстволору өзүн коргоо жана Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын коргоо максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көрүштү.

Ошондой эле маалымат берилди

Чет мамлекеттер менен бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди тең укуктуу диалогдун жана таламдарды тез ара эсепке алуунун негизинде чечүү боюнча өлкөнүн жетекчилигинин официалдуу саясатына ылайык, абалдын оорчулугун жеңилдетүүгө багытталган ар түрдүү деңгээлдерде жргүзүлүп жаткан саясий жана дипломатиялык күч-аракеттер жөнүндө. Буга байланыштуу тажик тарап жетишилген макулдашууларды, анын ичинде ок атышууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү кармашуу сызыгынан чыгаруу боюнча ишке ашыра албай жатканы белгиленди.

Өз кезегинде чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле азыркы аскердик-саясий жана гуманитардык кырдаалга тынчсызданууларын билдиришип, аскерлердин аракеттерине колдоо көрсөтүштү. Кыргыз тарап кризисти дипломатиялык жол менен чечет. Алар ошондой эле Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин, анын ичинде КРдагы БУУнун өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык тобу аркылуу да билдиришкен.