18

Сентябрь

2022

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт (22:30 маалымат)

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын 17-сентябрь, саат 22:30га карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 129 жабырлануучуну түзөрүн, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт. 

Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында – 39 жабырлануучу;

Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында – 4 жабырлануучу;

Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында – 79 жабырлануучу.

Жабырлануучулардын абалын дарыгерлер орточо оор деп айтышууда. Ар бир адам керектүү медициналык жардам менен камсыздалган, кандын компоненти, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Каза болгондордун саны 24 адамды түзөт.