18
Сентябрь
КР УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт (18.09.22 08:30га маалымат)
?КР УКМКнын Чек ара кызматынын Маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирет. 2022-жылдын 18-сентябры саат 08:30га карата мамлекеттик чек аранын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон.
? 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түн тынч өттү.
? Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.
?Өлкө жетекчилиги кырдаалды турукташтырып, чыр-чатакты курчутуу жана провокациялоо аракеттерин токтотуу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.