18
Сентябрь
Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт (18.09.22 09:30га маалымат)
Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар тууралуу маалымат.
Саат 9:30га карата КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы. 2022-жылдын 18-сентябрында (оперативдүү маалыматтар) саламаттыкты сактоо уюмуна жаңы кабыл алуулар жок. Саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 129, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында – 39 жабырлануучу;
Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында – 4 жабырлануучу;
Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында – 79 жабырлануучу катталды.
Жабырлануучулардын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат. Ар бир адам керектүү медициналык жардам менен камсыздалган: кан, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү.
Каза болгондордун саны 24 адамды түздү.