18

Сентябрь

2022

ӨКМ маалымдайт (18.09.22 09:00га маалымат)

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

 Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

 Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 177тн гумжардам жеткирилип, Мындан сырткары Бишкек шаарынан 160тн гумжардам 8 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп Баткен облусуна жөнөтүлдү.

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат, алар: Ош облусунда - 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында -1, Бишкек шаарында – 1 пункт.