18

Сентябрь

2022

Кыргыз Республикасынын аймагындагы коомдук-саясий абал боюнча 72022-жылдын 17-сентябрына карата саат 18.00го маалымат

Баткен облусуна гуманитардык жардам боюнча

Бишкек жана Ош шаарларында, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында, баардык райондордо штабдат түзүлүп Баткен облусуна жардам көрсөтөм деген жергиликтүү тургундарынан эң биринчи кезекте керектелүүчү тамак-аш, азык-түлүктөр, гигиеналык каражаттар, балдар үчүн буюмдар, төшөнчү жууркандар, акча каражаттарын жана зарыл болгон нерселерди кабыл алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Штабдар күн-түн ишин улантууда. Гуманитардык жардамды чогултуу бир нече күнгө созулат. 

Ош облусу, Ош шаары

17-сентябрынын саат 17:00гө карата Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын жатаканаларына жайгаштырылган жарандар боюнча маалымат:

Баткен облусунан келе турган жарандарга Ош шаары боюнча жалпысынан 17 жатаканаларда 1890 жана медреселерде 130 орун даярдалып, аталган облустун   201 жараны ОшМУнун, ОГПУнун, ОшМПУнун, ОшТУнун, Кыргыз-Өзбек университетинин жана Ош курулуш колледжинин  жатаканаларына жайгаштырылып, камкордукка алынды.

Баткен облусундагы чек арадагы  жаракат алып жабыркагандарга кваликациялуу   медициналык жардам көрсөтүү максатында Ош шаардык клиникалык ооруканасынан 4 медициналык кызматкер, Ош шаардык тез жардам бекетинен 3 медициналык кызматкер, 5 айдоочу, 5 тез жардам автоунаасы жиберилген. Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы медициналык мекемелерде 14млн 130миң  дары-дармек бар.

17-сентябрдын саат 17:00гө карата шаарда 3 гуманитардык жардамдарды кабыл алуу жана аларды Баткен облусуна жөнөтүү боюнча пункттар уюштурулуп, натыйжада Баткен облусуна 25 тонна 495 кг. ун,                       10732 литр  өсүмдүк майы, 2 тонна 390 кг.кум шекер, 19 тонна 299 кг. макарон, 11932 даана нан, 8 тонна 564 кг.күрүч,  16 тонна 605 кг. картошка,                                     7 тонна 130 кг. пияз, 10 тонна 442 кг.сабиз, жаш балдар жана айымдар үчүн санитардык-гигиеналык каражаттар топтолуп, алардын негизгилери Баткен облусуна жөнөтүлдү, калган каражаттар жөнөтүү алдында турат. 

Жалпысынан алганда 49 тонна азык-түлүк, 9600 даана нан, 1670 даана турмуш-тиричилик каражаттары . Бүгүнкү күнү дагы да жардамдарды кабыл алуу иштери уланууда.


Жалал-Абад облусу

           2022-жылдын 17-сентябрында Жалал-Абад облусунан Баткен облусуна 2 оор жүк ташуучу автоунаалар менен гуманитардык жардамдар жөнөтүлдү. Алар 600 даана суу, 2,3 тонна ун, 310 литр өсүмдүк майы, 510 кг пияз, 563 кг макарон, 1 тонна сабиз, 1,1 тонна картошка, 129 даана жууркан, 100 пачка туз, 20 пачка чай, 200 даана жылуу кийим, 33 коробка дары дармектер,   аскерлер үчүн 1,5 млн. сомдук тамак аш азыктары  жана дары дармектер жөнөтүлдү. Жалпысынан 16 тонна гуманитардык жардам  жөнөтүлдү.

Нарын облусу

         17-сентябрь саат 16:30га карата  жалпы Нарын облусу боюнча 410 кг ун, 60 кг эт, 18 тонна картошка, 48 баш кой, 100 кг буудай, 67 кг кесме, 20 литер суу май, 10 пачка чай(250 гр), 200 кг пияз, 18 кийим кече жана 130140 сом акча каражаты чогултулган. Мындан сырткары, облустук, райондук жана Нарын шаарындагы мекеме ишканаларында эмгектенген кызматкерлердин бир күндүк эмгек акыларынан жалпы 10593384 (он миллион беш жүз токсон үч миӊ үч жүз сексен төрт миӊ) сом акча каражаты Баткен облусуна жардам катары которуулары пландаштырылды. 

Ысык-Көл облусу

2022-жылдын 17-сентябрына Ысык-Көл облусунун аймагында гуманитардык жардам чогултуу боюнча 69 пункт ачылып, Баткен элине
 7-оор жүк ташуучу унаалар (ар бир унаада 17-20 тонна) толуп, жалпы 25582 кг. ун, 2302 кг күрүч, 2590 литр суу май, 9240 кг картошка, 982 кг кум шекер, 7405 кг кесме, 589 кг туз, 598 пачка чай, 3 пакет кийим кече, 107 упаковка даарат кагазы, 600 шт. алькони, 15 кг конфет, 14 банка сгущ, 11 банка консерва, 1 пачка дрожь, 3 кг майонез, 6 коробка печенье, 135 кг сабиз, 20 кг алма, 491 шт, самын, 25л сок, 494 пачка памперс, 1245733 сом акча каражаты чогулду. Гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн Балыкчы шаарынан унаалар саат 20.00дө чыгат. 


Талас облусу

         17-сентябрь саат 16:30га карата ун, картошка, буудай, суу май, кургак чай пияз, күрүч ж.б. продуктулары чогултулуп, жалпы облус боюнча 40 тонна 2 фура бүгүн кечинде жөнөтүлөөрү пландалууда. Мындан сырткары, облустук, райондук жана Талас шаарындагы мекеме ишканаларында эмгектенген кызматкерлердин бир күндүк эмгек акыларынан Баткен облусуна жардам катары которуулары пландаштырылды. 

Бишкек шаары

Бишкек шаары боюнча 2022-жылдын 16-сентябрда 67 тонна гуманитардык жардам чогултулуп Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Ал эми
 17-сентябрга саат 18:00го 90 тонна гуманитардык жардам шаардын тургундарынан чогултулду.  

Чүй облусу

2022-жылдын 17-сентябрына Чүй облусунан жалпы 187 тонна гуманитардык жардамга азык-түлүк продуктылары жана башка керектөөчүлөр чогултулуп, бүгүн 9 фура унаалары менен жолго чыгат. 


к/н

Гуманитардык  жардамдардын аталышы 

кг/тонна/пачка/коробка

1

Дрон

З штук

2

Бинокль

3 штук

3

Ун 

49,135 тонна

4

Суу май

9811 литр

5

Кум шекер

3902 кг.

6

Макароны, кесме

24474 кг.

7

Картошка

10460 кг.

8

Крупы

5589 кг.

9

Чай 

2124 пачка

10

Таттулар

221кг.

11

Суусундактар

2518 бутыл.

12

Кир жуугуч каражаттары

1977 пачка, шт. 

13

Гигиенага жеке керектелүүчү каражаттар

1844 пачка

14

Кийим кече

1940 шт. жана 16 мешок

15

журкан

45 шт.

16

Даары-дармектер

5 коробка 

17

Бөлөк азык-тулүктөр

4032 кг.

18

Акчалай жардам

733 719 сом

19

Бир күндүк айлык маянасынан жардам: Чүй обл.аппараты 

РМА, Токмок ш.мэриясы

60 000 сом

313 742 сом