18
Сентябрь
2022
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги маалымдайт (18.09.2022 11:00-гө маалымат)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы 18.09.2022ж. саат 11:00-гө карата маалымдайт. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкты колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын ачылган эсепке 17 426 626,22 сом өлчөмүндө каражат түштү.
Атайын эсеп Баткен облусунун элине колдоо көрсөтүү жана абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.