18

Сентябрь

2022

КР саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт (18.09.22 17:00гө маалымат)

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар тууралуу маалымат

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 2022-жылдын 18-сентябры саат 17:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 140 адам, анын ичинен 7 жабыркаган амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирет.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу).

1. Улуттук госпиталда - 71 жаракат алган;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабыркаган;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабыркаган;

4. Тез жардам ооруканасы - 9 жабыркаган;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабыркаган;

6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабыркаган.

Калган жабыркагандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Бардык жабыркагандарга  керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 10 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 46 адамды түзөт.