19
Сентябрь
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы маалымдайт (19-сентябры саат 08:00гө карата)
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 19-сентябры саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.
18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок; ок атышууну токтотуу келишимдерин бузуулар катталган жок.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.