19

Сентябрь

2022

Республикалык бюджеттен Баткен облусунун 497,6 млн сом бөлүнгөн

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 2022-жылдын 14-17-сентябрында орун алган куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу алкагында республикалык бюджеттен 497,6 млн сом бөлүнгөн.

Көрсөтүлгөн финансылык каражаттардын эсебинен куралдуу кагылышуунун кесепеттерин жоюуга байланыштуу чаралар жыйындысы, анын ичинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.