27

Сентябрь

2022

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Документ VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессиялык иш планын эске алуу менен иштелип чыккан жана 34 пункттан турат.

Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №109 буйругун күчүн жоготту деп таануу чечими кабыл алынды.