29

Сентябрь

2022

Ноокен районундагы кышка карата даярдыктар каралды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Ноокен районундагы социалдык мекемелердин кышка карата даярдыктары менен таанышты.

Облус башчысынын орун басары мектеп жана саламаттыкты сактоо мекемелериндеги отканалардын абалын жеринен көрүп чыкты. Кыдыруунун жүрүшүндө бир катар кемчиликтер айтылып, чечүү багытындагы тапшырмалар берилди. 

Ноокен району бонча жалпы 54 мектепте 30 миң 200 бала билим алат. Алардын ичинен 31и көмүр менен жылытылат. Жалпы билим берүү тармагында көмүр ташуу иштери 60 пайыздан ашуун аяктап калган. Райондун жалпы дарыгерлик практикалык борборунун карамагындагы медициналык мекемелердин жылытуу системасы да толук оңдоп-түзөөдөн өткөн.