30

Сентябрь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана JICA Туруктуу өкүлү Хироюки Кавамото эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Хироюки Кавамото менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде Япония өкмөтүнүн гранттык программасы аркылуу мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо (JDS) маселеси талкууланды. 

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн көлөмдүү жаратылыш ресурстарына ээ болбостон, адам ресурстарын өнүктүрүү саясатына басым жасоо менен өнүккөн ммлекетти куруу мүмкүн экендигин далилдей алган Япониянын тажрыйбасы актуалдуу болуп саналат.  

Ошондой эле тараптар «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында кызматташууга, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун тилкесинде «Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.