03

Октябрь

2022

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартиби бекитилди

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты  банктык коштоону камсыз кылуу тартиби жана контрактты банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын тизмеги бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды.

Мындай чечим «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Банктык коштоону камсыз кылуу тартиби “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин жоболоруна ылайык мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону колдонуу тартибин жана шарттарын белгилейт.

Белгилей кетсек, келишим боюнча коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын тизмесине «РСК Банк», «Айыл Банк» жана «Керемет Банк» ачык акционердик коомдору кирген.