05

Октябрь

2022

Нарында бюджеттик мекемелер көмүр отуну менен камсыз болду

Нарын облусунда бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу иши дээрлик аяктап калды. Ушул жуманын аягында калкка көмүр тартуу башталат. Бул боюнча облус жетекчилиги тарабынан тапшырмалар берилип, райондордогу көмүр тарткан автоунаалар жума күнү Кара-Кече көмүр кесимине киргизилээри пландалууда. 

Бүгүн, 5-октябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Нарын шаарынын мэри жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен бирге Нарын шаарындагы мектептерде, бала бакчаларда, жылуулук ишканасында, электр көмөк чордондорунда болуп, кышка даярдык иштеринин абалын көрдү.

Рейддик кыдыруу учурунда Нарын жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев быйыл ишкананын тейлөөсүнө 250 жаңы абонент кошулганын, бардык жылуулук от казандары ремонттон өтүп, 14 от казандын 12сине экологияны коргой турган чыпкалар коюлганын, ишканага керектелүүчү 5600 тонна көмүр отуну толугу менен тартылып бүткөнүн билдирди.

Ал эми Нарын электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов быйыл шаар боюнча 35 подстанция ремонттолуп, кышка даярдык иштери толугу менен жүргүзүлгөнүн, ошондой эле Европа өнүктүрүү банкынын долбоору менен Нарын шаарында акылдуу эсептегичтер жана өзүн өзү изоляциялоочу зымдар коюла баштаганын,  жалпы 11276 эсептегич коюла турган болсо 5500 эсептегич коюлуп бүткөнүн, бул электр энергиясын жоготууларга, уурулукка жана чыңалууларга бөгөт болоорун маалымдады. 

Облус жетекчисинин биринчи орун басары Адыл Сапаров алдыдагы эң чоң милдет элди кыштан үшүтпөй алып чыгуу экенин,  кышка камылганы мындан да чыңдап, авариялык абалдарды алдын алуу керектигин тапшырды.

Адыл Сапаров билдиргендей, Нарын облусундагы бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу иши жыйынтыкталып калды. Бир гана Ат-Башы району Турук кенинде тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан белгиленген мөөнөттөн кечигип, 50 пайыз менен туруп атат. Буюрса 15-октябрга чейин тартылып бүтөөрү пландалууда. Облус жетекчилигинин тапшырмасы менен ушул жуманын аягында бардык райондордогу көмүр тарткан автоунаалар уюштурулуп, Кара-Кечеден облустун элине көмүр тартуу иштери башталат. 

Нарын облусу боюнча жалпы 116 миң тонна көмүр отуну керектелсе, 90 миң тоннасы элге, 20-25 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге тартылат. 

Нарын шаарында 16 көмүр кампасы уюштурулган. Анын бирөө муниципалдык кампа. Мындан сырткары ар бир айыл өкмөттө көмүр кампалары бар. Көмүрдүн баасы көзөмөлдөнөт. 


КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.