07
Октябрь
2022
Нарын облусунун калкына көмүр тартыла баштады
Облус жетекчилигинин аракети менен Нарын облусунун калкына көмүр тартуу иши колго алынып, бүгүн, 7-октябрда Кара-Кече көмүр кесимине Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан 60тан ашык автоунаа калкка көмүр жүктөп чыкты. Мындан сырткары Жумгал районуна 9 автоунаа менен 250 тоннага жакын көмүр отуну Министрлер Кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык арзан баа менен жеткирилди.
Райондордон барган автоунааларга көмүрдун жүктөлүп чыгышын КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жеринде көзөмөлгө алып, “Кара-Кече көмүр кесиминде кышка даярдык боюнча облустук штабдын жыйынын өткөрдү.
Штабдын отурумунда калкка көмүр отунун жеткирүү маселеси менен бирге көмүр кесиминдеги коомдук тартип, экологиялык коопсуздук маселелери каралып, штабдын мүчөлөрүнө, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Нарын облусунан барган автоунааларды жуманын бир күнүндө карьерге кезексиз киргизүү жагы макулдашылды. Ошондой эле 4 районго көмүрдү кар түшкүчө Молдонун бели менен ылдамыраак тартып алуу милдеттендирилди.
Облус жетекчисинин биринчи орун басары Адыл Сапаров Кара-Кечеде иш жүргүзүп жаткан “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасында жана “Шарбон”, “Ак-Жол”, “Демилге” көмүр ишканаларында көмүр казуу иштеринин абалын көрдү.
Бүгүнкү күндө “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында 200 миң тоннадан ашык көмүрдүн кору бар. “Шарбон” ишканасы 15-октябрдан баштап 60 миң тоннага чейин кесек көмүр чыгараарын билдирди. Ал эми “Ак-Жол” ишканасы тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын, ноябрь айынын башы менен 20 миң тоннадан ашык көмүр берээрин айтты.
Нарын облусунун көмүргө болгон жалпы керектөөсү 116 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен элге 90 миң тонна, бюджеттик мекемелерге 25 миң тонна көмүр отуну керектелет. Октябрь айынын башы менен Ат-Башы районунан башка бардык райондор бюджеттик мекемелерин көмүр отуну менен толук камсыздады. Бүгүндөн баштап облустун калкына көмүр тартуу иши кызуу башталды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.