14

Сентябрь

2022

Сары-Булак - Кара-Кужур унаа жолу оңдолот

Кыргыз Респубикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын облусунун жолдорун оңдоого өзгөчө көңүл бурулат. Кийинки жылдын бюджетине эң көйгөйлүү болуп келген Сары-Булак – Кара-Кужур унаа жолунун 50 чакырымын киргизип, асфальт төшөп берүү боюнча өлкө башчысы тарабынан убада берилген. 

Бул тууралуу кечээ, 14-сентябрда Нарын районунун жана шаарынын эли менен жолугушууда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов маалымдады. 

Жыйында Кара-Кужур айылынын тургуну А.Касымбеков  тарабынан Кара-Кужур жолун оңдоо жана Солтон-Сары кени  иштетилсе Кара-Кужур өрөөнүнө социалдык пакет түшүрүп берүү, же жаштарды жумуш орундары менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү. 

Суроого облус жетекчиси Алтынбек Эргешов: “Сары-Булактан Кара-Кужурга чейин 40 чакырым жол экен. Эл менен жолукканда айрым тургундар “бизге асфальттын кереги жок, мал өлүмү көбөйүп кетет" деп айтып атышат. Өйдө жагынан мрамор ташыган 2-3 фирма бар экен. Алар жолду сүруп кетип турат. Ошон үчүн сиздер бир чечимге келсеңиздер. Негизи Президентибиз Кара-Кужурдун 50 чакырым жолуна асфалт басып беребиз деген убадасын берген. Ал эми Солтон-Сарыны иштете турган компания менен сүйлөшүүлөдун негизинде жылына 50 миллион сом социалдык пакет түшмөй болду. Мурда жылына болгону 2 миллион 600 миң сом түшчү. 2019-жылдан бери иштебей турган. Учурда Нарын районунун тургундары менен сүйлөшүп, бул маселенин үстүнөн иштеп атабыз. Ишкананын жумуштары 1-2 айда башталат. Бирок кыш келип калды. Жаз мезгилинде толук башталат. Эгер жөндөмдүү адамдар болсо жумушка алабыз. Башында 60 пайыз биздин жергиликтүүлөр, 40 пайыз ошол мамлекеттик ишкананын атынан биздин эле подряддык уюмдар иштейт. Толук кандуу ишке киргенден кийин 90 пайызы биздин жарандар болот”,-деп жооп берди. 

КР Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев, КР Башкы прокурору К.Зулушев баштаган жетекчилердин жер-жерлердеги жолугушууларында Нарын облусунун 382 тургуну тарабынан жалпы 401 суроо берилди. Айтылган көйгөйлөр боюнча мамлекеттик деңгээлде иш чара иштелип чыгып, ар бир суроо ээсине жооптор берилет. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.