08
Октябрь
Акылбек Жапаров жана Алексей Оверчук эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулады
Ош шаарында кыргыз-орус инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле евразиялык интеграциянын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселесин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык чөйрөдөгү маселелерге, атап айтканда, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө, Кыргыз Республикасынын аймагында 9 мектептин курулушуна, Россиянын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттерди федералдык бюджеттин эсебинен окутуу квотасын 600 орунга чейин жогорулатуу маселелерине бурулду.